Молдовада сот президентти кызматтан четтетип койду

Додон өзү муну мыйзамсыз деп эсептеп, "бул - бийликти узурпациялоо" деген пикирин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Молдованын Конституциялык соту президент Игорь Додонду президенттик укугунан ажыратып, анын милдеттерин премьер-министр Павел Филипке өткөрүп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Конституциялык сот бул кадамга парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо максатында барган.

Казакстанда президенттик шайлоо болуп жатат. Ага эл кандай катышууда
Ал эми Додон өзү муну мыйзамсыз деп эсептеп, "бул - бийликти узурпациялоо" деген пикирин айтты.

Бир нече сааттан кийин убактылуу президенттин милдетин аткаруучу Павел Филип парламентти таркатуу боюнча документке кол койду.

Буга чейин парламент Молдованы коррупцияга баткан өлкө катары таануу боюнча декларацияны кабыл алган. Ал эми президент Додон өлкөдө туруктуулукту жоготуп алуу коркунучу бар экенин айткан.

Игорь Додон менен өкмөттүн пикир келишпестигине сырткы саясат таасир этип жатканын айткан. Анткени ыйгарым укуктарынан ажыратылган президент Россия менен кызматташууну көздөсө, парламент менен өкмөттө Европага ыктаган партиялар жана аткаминерлер көптүк кылат.