Казакстандагы митинг: полиция 100дөй адамды кармады

Ички иштер министрлиги өлкөдө туруксуздук жаратуу аракеттери сырткы күчтөр тарабынан болуп жатат деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Казакстанда президенттик шайлоо күнү митинг болуп, ага катышкан 100дөй адам кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Казакстандын ИИМинин биринчи орун басары Марат Кожаевдин айтымында, кармалгандардын арасында бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучулары жана активдүү катышуучулар бар.

Анын айтымында, Нур-Султан менен Алматы шаарларындагы бийликти жаман көрсөтүү максатында болуп жаткан нааразычылык акцияларын тыюу салынган жана каттоодон өтпөгөн экстремисттик уюм уюштурду. 

"Өлкөнүн ар тарабында добуш берүү өз калыбында жүрүүдө. Бирок сырткы күчтөр таасир этип жаткан мындай митингдер билинбей өтүп кеткен жок", — деди орун басар.

Эске салсак, бүгүн эгемен Казакстанда алтынчы ирет президенттик шайлоо болуп жатат. Анда президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.

Ал эми коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан 19-март күнү өз чечими менен четтеген.