Бишкек: чак түштө Lexus 570 унаасын тартып кете жаздаган видео. Милициянын версиясы

Автоунаа буга чейин соттук иште талаш жаратып, УКМКны кызыктырганын ШИИББден айтып беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкекте чак түштө Lexus LX 570 унаасын тартып кете жаздаган видео социалдык тармактагы баракчаларда жайылууда.

Окуя белгилүү Facebook-тайпаларга жүктөлгөн.

Андагы маалыматка ылайык, 7-июнда күндүз Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде куралчан үч белгисиз адам унаага ээлик кылууга аракет кылган.

Посттун автору билдиргендей, унаанын айдоочусу кылмышкерлерден качып, милиция чакырганга үлгүргөн. Экинчи киши барымтада калып, кийинчерээк ооруканага түшкөн.

Ошондой эле посттун автору милиция үчөөнү кармап, куралдарын алып, кийинчерээк денеге залака келтирди деген факты менен кылмыш ишин козгоп, бирок кийин эркиндикке кое бергенин жазган. 

Сокулукта автоунааны уурдап, өрттөп салышкан. Шектүү окуучулар кармалды
ШИИББден кабарлашкандай, бейбаштык фактысы боюнча милицияга 7-июнь күнү саат 17:20да маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, А.А. аттуу жаран үч кишиге карата арыз жазган.

Анда кылмышка шектүүлөр андан унааны каяктан алганын сурап, тартып алууга аракет кылганын айтып берген. Андан соң ал күрөөканага качып кирип, милицияга чалган.

Милициядан Жазык кодексинин 206-беренеси боюнча («Автортранспорт каражатын уурдоо») соттук иштер башталганын кошумчалашты.

Суралып жаткан Т.Н. унаа боюнча УКМКда сотко чейинки иштер жүргүзүлүп жатканын, ошондой эле ал Бишкектеги Октябрь сотунда талаштуу иш экенин айтып берген.