Бишкекте Раатбек Санатбаевдин элесине арналган мелдеш өтөт

Анда чоңдор дүйнө чемпионатынын лицензиялык мелдештерине катышуу үчүн күч сынашат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Борбор калаада грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

ТОП-14. Төрага, муфтий, депутаттар эмне менен машыгат? Залдагы тер төккөн сүрөттөр
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 11-12-июнь күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайда Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулат. Анда чоңдор күч сынашып, жеңүүчүлөр дүйнө чемпионатынын лицензиялык мелдештерине катышат.

Аны уюштурууга мамлекеттен 636 миң сом каралган.