Кыргызстандык кыз дүйнө студенттеринин арасындагы сынакта жеңүүчү болду

Таажы үчүн дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 16 студент кыз  ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандан барган Жамиля Ишенбаева сулуулар менен таланттуулардын Россияда өткөн "Студенттердин ханышасы — 2019" деп аталган сынагында жеңүүчү болду.

Сулуулук жана акыл боюнча эл аралык таймаш Ставрополдо  "ШКУ жана БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн студенттеринин жазы" деп аталган фестивалдын алкагында өткөн.

Таажы үчүн дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 16 студент кыз ат салышкан.

Сынак бир нече этап менен өткөн. Кыздар улуттук кийимчен чыккан, андан кийин чыгармачылыгын тартуулашкан жана кооз көйнөктөрүн көрсөтүшкөн.