Крымдын жолунда кыргызстандык киши кырсыкка кабылды. Видео

Авариядан үч киши жабыркаган. Кыргызстандык жаран "ГАЗель" унаасында экени белгилүү болду.
Sputnik

Симферополь — Севастополь (Крым) трассасында жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны жабыркаганын РИА Крым жазды.

Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, 24 жаштагы жигит каза тапты
Окуя жума күнү эртең менен Бахчисарай районунда болгон. KIA микроавтобусу каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу "ГАЗель NEXT" менен кагышкан. Натыйжада "ГАЗель" жолдун четине чыгып кетсе, бустун алды жагы жарактан чыккан.

Кырсыктын кесепетинен үч киши жабыркады. Кыргызстандык жаран жүк ташуучу унаада экени белгилүү болду. Ал эми бустун кыпчылып калган айдоочусуна куткаруучулардын жардамы керек болгон. Ал азыр ооруканада.

Кийинчерээк Крымдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги YouTube каналына кырсыктын видеосун жарыялады.