Путин: Зеленский Россияны душман тутканын койбоду

Россия лидери Украинанын жаңы президенти тууралуу журналисттин суроосуна жооп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунда журналист Владимир Путинден эмне себептен Украинанын жаңы лидери Владимир Зеленскийди өлкө башына келиши менен куттуктабаганына жана мамилени “таза барактан” баштабай жатканына кызыкты. Россия лидеринин жообун РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Путин Зеленский менен бир кездерде таанышарына үмүт кыларын, бирок азыр анын оозунан Россияга карата бир дагы жылуу сөз уга элегин айтты.

“Бизди агрессор жана душман дегенин койбоду. Экөөбүз бир кездерде таанышарбыз. Азыр мен аны жакшы актер катары гана билем. Бирок бирөөнүн ролун аткаруу менен анын өзү болуу эки башка нерсе. Мамлекеттик иштер менен алектенүү үчүн билим, тажрыйба, мыкты команда, чечкиндүүлүк жана ошол чечим үчүн жоопкерчилик керек”, — деди Путин.

Эске салсак, Петербург эл аралык экономикалык форуму 6-8-июнь күндөрү Россияда өтүп жатат.