Мэр Суракматов Россия элчиси Удовиченко менен жолукту

Жолугушууда Ханты-Мансийск шаарында 31-майдан 6-июнга чейин өткөн Жаш мекендештердин V дүйнөлүк оюндарында Бишкек шаарынын жаш футболчулары алтын медалга ээ болушканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкектин мэри Азиз Суракматов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы мэрия Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Уфа шаарлары менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.

"Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Элчи Бишкекте Россиянын жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп өттү", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызча үйрөнөм. Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин маеги
Жолугушууда Ханты-Мансийск шаарында 31-майдан 6-июнга чейин өткөн Жаш мекендештердин V дүйнөлүк оюндарында Бишкек шаарынын жаш футболчулары алтын медалга ээ болушканы айтылды.

Мэр менен жолугушууга Россиянын соода өкүлү Валерий Латыпов, Бишкектеги Россиялык илим жана маданият борборунун директору Виктор Нефедов, вице-мэр Татьяна Кузнецова жана Октябрь районунун акими Максим Ситников катышты.