Шевченко менен Айдын 9-июндагы беттешин көрсөтчү телеканалдар. Тизме

Sputnik Кыргызстан редакциясы Валентина Шевченко менен Жессика Айдын беттешин көрсөтө турган телеканалдар менен сайттардын тизмесин сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. АКШнын Чикаго шаарында ишемби күнү ири UFC 238 турнири өтүп, анда кыргызстандык Валентина Шевченко алгачкы жолу чемпиондук курун коргойт.

Турнирдин башкы беттешинде эң жеңил салмактагы чемпион Генри Сехудо менен бразилиялык Марлон Мораес кез келмекчи. UFC курунун ээси жаңы категорияда — жеңил дивизиондо күчүн сынамакчы.

Ал эми Валентина Шевченко эң жеңил салмак категориясында америкалык спортчу Жессика Ай менен беттешип, чемпиондук курун коргойт.

Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, чемпион болгон.

UFC күйөрмандарын дагы бир кызыктуу беттеш күтөт. Анда UFC уюмунун жеңил салмактагы мурунку утурумдук чемпиону Тони Фергюсон менен клубдун тажрыйбалуу ардагер мушкери Дональд Серроне мушташмакчы.

Кайда өтөт?

Спорттук иш-чара Чикагонун 23 миң көрүүчүнү батырган "Юнайтед-центр" аренасында өтөт. Шевченконун беттешин көрүүгө кыргызстандыктардын көп келиши болжолдонууда, анткени дал ушул Чикаго шаарында мекендештердин ири диаспорасы бар.

Канчада башталат?

Шевченко тиш кайраган атаандашына муштумун түйдү. Көз караштар таймашы видеодо
Турнир ишемби күнү кечинде болот. Шаарлар ортосундагы 11 сааттык айырмадан улам кыргызстандыктар таймашка жекшемби күнү (9-июнь) эртең менен күбө боло алышат.

Алдын ала өтчү беттештер Бишкек убактысы менен саат таңкы 4.30дарга коюлган. Андан кийин саат 7.00дө негизгилери башталат. Шевченко менен Айдын беттешүүсү болжол менен саат 8.00 менен 9.00дүн ортосуна туура келет. Убакыт-сааты башка беттештердин аякташына жараша жылышы мүмкүн.

Кайдан көрүүгө болот?

Коммерциялык себептен улам жергиликтүү каналдар аталган турнирди көрсөтө албайт. Кыргызстандыктар турнирди онлайн-режимде же спутник телевидениесинен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Төмөндө беттешти көрсөтүүнү пландаган онлайн-каналдар менен сайттар тизмектелди. Белгилей кетчү нерсе, укугу жок болсо ал каналдар блоктолуп калышы толук ыктымал.

"Матч ТВ" телеканалы,

Setanta сайты,

Rostrek.com спорттук порталы,

Cageside.ru сайты,

— UFC уюмунун "ВКонтакте" расмий тобу,

"Сила ТВ" каналынын сайты,