"Муз-ТВнын" кызыл килеминен өткөн Димаш күйөрмандарын ызы-чууга салды. Видео

Димаш Кудайберген бул жылы "Муз-ТВ" музыкалык сыйлыгынын атайын чакырылган коногу болду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "Муз-ТВ" музыкалык сыйлыгынын кызыл килеминен биринчи жолу өттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Ырчынын кызыл килемден өткөн видеосу анын Instagram баракчасына жарыяланган.

Кадрдан көрүнүп тургандай, музыкантты күйөрмандары кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышкан. Ырчы да өз кезегинде алар менен кол алышып, учурашып, кол тамгасын коюп, ыраазы кылган.

Димаштын күйөрмандары менен амандашканын байкаган иш-чаранын алып баруучусу Максим Галкин Димаш жаш ырчы болсо дагы күйөрмандарына барып кол алышканды билерин баса белгилеген.

Андан соң Галкин Димашты: "Мени байкаганыңа рахмат", — деп тамашалаган.

Белгилей кетсек, казакстандык ырчы бул жылы "Муз-ТВ" музыкалык сыйлык тапшыруу аземинин атайын коногу катары чакырылган.