Радио

Жумабеков: маданияттуулукту элге биз көрсөтүшүбүз керек

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жыйын учурунда кайсы бир депутатка ачуусу келсе кантип басарын айтты.
Sputnik
Жумабеков: маданияттуулукту элге биз көрсөтүшүбүз керек

Жыйында ар кандай учурлар болот, бирок ага карабай эл өкүлдөрү коомго маданияттуулугун көрсөтүүсү зарыл. Мындай пикирин Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элге таанымал адамдар тарбиялуулукту, тартиптүүлүктү эч качан унутпашы керек.

"Адам төрөлгөндө өз мүнөзү менен кошо жаралат. Бирок мамлекеттик кызматта, эл алдында жүргөн кишилер өзүн тарбиялап, токтоо болушу шарт. Мен ушундай пикирдемин жана ар дайым бул оюма дал келүүгө аракет кылам. Ал эми парламентте жыйын учурунда ар кандай кырдаалдар жаралат. Депутаттар тарабынан эмоцияга алдырган түрдүү сөздөр айтылат. Ошондой учурларда да ачууга алдырбай, аларга сый мамиле жасоого аракеттенем", — деди Жумабеков.

Ал эл өкүлдөрүнүн маданиятын тескеген мыйзамдын кереги жоктугун, бул ар бир адамдын дээринде болушу керектигин кошумчалады.