Баарын оңдоп кеткем! Атамбаев баштаган КСДПнын митинги видеодо

Акция болжол менен эки саатка созулду.
Sputnik

Бүгүн, 8-июнь күнү, Бишкектин 7-Апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Форум-медиа" имаратынын алдында Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын митинги өттү.

"Коррупцияга каршы реалдуу күрөш" ураанынын алдында өткөн иш-чара саат 11.00дөрдө башталып, ага 400дөй киши катышты. Митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев, ЖК депутаттары, партия мүчөлөрү жана камакта отурган саясатчылардын жакындары сөз сүйлөштү.

Акция болжол менен эки саатка созулду. Аягында резолюция кабыл алынып, аны отургандар бир добуштан колдоп беришти.