Бишкекте түнкү жарыш болуп өттү. Көңүл көтөргөн сүрөттөр

Иш-чаранын максаты спорт аркылуу шаардыктарды бириктирүү жана элди активдүү жашоого үндөө болду.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн, 8-июнь күнү, борбор калаада Toyboss Night Run аталышындагы жарыш болуп өттү.

Моношбекова: чуркоону сүйгөн шаар тургундарына шарт түзүп бериш керек
Иш-чара күн баткандан кийин, башкача айтканда, саат 21.00дөргө чукул Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде башталды. Ага 1300дөй күлүк катышып, алар 5, 10 жана 21 чакырымга чуркашты.

Белгилей кетчү жагдай, жарыш быйыл экинчи ирет өттү. Спорттук майрам шоу-программа менен коштолуп, жеңүүчүлөр сыйланды. Буга чейин байге фондусу 192 миң сом экени айтылган.

Иш-чарага Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу эл аралык медиаөнөктөш болуп, редакциядан 9 киши чуркады.