Базар-Коргондо үч күндөн бери изделген өспүрүмдүн сөөгү дарыядан табылды

Издөө иштерине жалпы жонунан 45 куткаруучу тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн, 8-июнь күнү, Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылындагы дарыядан үч күндөн бери изделип жаткан 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ӨКМге маалымат 5-июнь күнү түшкөн. Өспүрүмдү издөөгө 45 куткаруучу жана 250дөй жергиликтүү тургун тартылган.

Бүгүн саат 18.40та дарыядан баланын сөөгү табылып, туугандарына берилди.

Ал эми издөө иштерине катышкан куткаруучулар туруктуу ордуларына кайтканы айтылды.