Абылгазиев ИИМдин бакча, мектеп, короодогу коопсуздукту караган борборун көрдү

Борбордо адамдын жүзүн таануу тутуму киргизилет. Ал бардык видеоагымды деталдуу талдап, алдыңкы технологияларды колдонуп коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин санариптешкен командалык борборунун курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, ИИМдин командалык борбору жол кырсыктарын азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлүүдө.

"Борбордо адамдын жүзүн таануу тутуму киргизилет. Ал бардык видеоагымды деталдуу талдап, алдыңкы технологияларды колдонуп коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылат. Ошондой эле 102 кырдаалдык борбору иштеп, кызмат өтөө сапатына онлайн мониторинг жүргүзүп, жарандардын кайрылуусуна ыкчам жооп кайтарат", — деп жазылат маалыматта.

Өкмөт башчы аталган борбордун имаратынын курулушун текшерип, оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

"Коопсуз шаардын" айыптарынан канча сом чогулду. Расмий жооп
Премьер жаңы командалык борбор милицияга коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерин сапаттуу аткарууга жардам берерин айткан.

"Коомдун бийликке ишеними, өлкөдөгү туруктуулук, адамдардын бейпилдиги милициянын сапаттуу ишинен көз каранды. Заманбап технологияларды колдонуу менен ар бир бала бакчада, мектепте, короодо жана кварталда коопсуздукту камсыздап, милициянын жаңы образын түзө алабыз", — деди Абылгазиев.

Ал аталган борбордун имаратын ишке берүүгө даярдоону жана аны керектүү бардык техника менен жабдууну тапшырган.