Бишкекте үч күн мурда жоголгон 17 жаштагы Айгерим табылды

Ал дос кызынын үйүндө жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде 3-июндан бери жок болуп жаткан 17 жаштагы Айгерим аттуу кыз табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Кыз дүйшөмбү күнү саат 18:00дөр чамасында "Орто-Сай" базарынан чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес.

Учурда абалы жакшы, бул убакыт аралыгында ал дос кызынын үйүндө жүргөн.