Кыргызстанда жаңы айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Өзгөчөлүгү

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы күбөлүк берүүгө даярданып жатат. Мекеменин башчысы анын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) айдоочуларга жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди.

Жаңы күбөлүктөрдө коргоо деңгээли азыркыга караганда бир кыйла жогору болот.

"Алардын баасы эки эсе арзан. Буга чейин бул иш менен жеке компания иштеп келген болсо, эми ал иштин баары Мамлекеттик каттоо кызматына өтөт", — деди Мамбетов.

Бишкектин Кайгуул милициясына кантип жумушка орношсо болот? Талаптар
Долбоор ишке ашырылып жаткан маалда биринчи жолу алып же эски күбөлүгүн алмаштырып жаткандарга убактылуу документ берилет.

Мамбетов, андан сырткары, калкка кызмат көрсөтүү борборлорун, маалыматтарды санариптештире турган жайларды куруу пландары боюнча маалымат берди. Ошону менен бирге жаңы үлгүдөгү мамлекеттик документтерди ишке киргизүү боюнча пландарын айтып берди.