Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, 24 жаштагы жигит каза тапты

Алдын ала маалыматка караганда, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып жолтандабас менен кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө Lexus 470 жана ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, Жети-Өгүз районунун 24 жаштагы тургуну каза тапты. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бишкекте баланы бус жол чийинден коюп кеткен кырсыктын чоо-жайы
Жол кырсыгы 6-июнда саат 23.30дар чамасында Жети-Өгүз районундагы Конкино айылында болгон. Алдын ала маалыматка караганда, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып жолтандабас менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил автонун айдоочусу жана эки жүргүнчүсү ооруканага түшкөн. Кийин 24 жаштагы жигит ооруканадан каза тапкан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.