Радио

Өмүрзаков: саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун жөнгө салчу мыйзам жок

Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» аталышындагы кодекс район жетекчилиги кызматынан жогоркуларына тиешелүү эмес экендигин айтты.
Sputnik
Өмүрзаков: саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун жөнгө салчу мыйзам жок

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун жөнгө салган бир дагы укуктук-нормативдик документ жок. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө саясий макамдагы кызматкерлер кандайдыр бир этикага жатпаган иштерди кылса, аларды жазалоочу орган - жалгыз гана коомчулук болуп эсептелет.

"2016-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы" деген кодекс бар. Ал үч багытты камтыйт. Биринчи кезекте кесиптик милдеттерин так аткаруусу, экинчиден коррупциянын алдын алуусу, үчүнчүдөн жүрүм-туруму кандай болуусу керектиги жазылган. Бул мыйзамды мамлекеттик кызматкер канчалык деңгээлде аткарып жаткандыгын ошол мекемеде түзүлгөн этика комиссиясы көзөмөлдөйт. Бирок аталган нормалар административдик кызматкерлерди гана тескей алат. Ал эми саясий кызматкерлерге тиешеси жок. Тактап айтсам, бул кодекс айыл өкмөтүнүн катардагы кызматкеринен баштап, министрдин орун басарына чейин жана өкмөт, президент, парламент аппараттарынын бөлүм башчысына чейинки кызматкерлерине гана жайылтылат", — деди Өмүрзаков.

Ал саясий кызматкерлердин жүрүм-турумун эле эмес, башка аракеттерин да регламентке салчу эч кандай мыйзам жоктугун кошумчалады.