Кыргызстанга Түштүк Кореядан келген туристтердин саны өсүп баратат

Seoul International Industry Fair 2019 туристтик жарманке башталды. Ага Кыргызстандан барган үч туристтик компания катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанга 2018-жылы Түштүк Кореядан 14,5 миң турист келген. Бул көрсөткүч быйыл андан дагы көбүрөөк болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары Түштүк Корея Кыргызстан үчүн туристтик рынок катары эсептелген негизги өлкөлөрдүн катарында келе жатат.

Кыргызстанга келген туристтерди министр өзү тосту. Аэропорттогу сүрөт
Белгилей кетсек, кечээ аталган өлкөдө Seoul International Industry Fair 2019 туристтик жарманке башталды. Ага Кыргызстандан барган үч туристтик компания катышып жатат.

Бул ишканаларга өкмөт "Туризмди өнүктүрүү - 2019-2023" программасынын алкагында колдоо көрсөттү.

1986-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Seoul International Industry Fair 2019 жарманкесинин негизги максаты — туризм жаатындагы акыркы тенденциялар боюнча пикир алмашууга шарт түзүп берүү. Ага жыл сайын 60 өлкөдөн келген 1 миллионго чукул адам катышат.