Радио

Балыбаев: телеканалдардын көбөйүшү менен жарнаманын баасы түшүп кетти

НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев көпчүлүк каналдар пираттык контентти колдонуп жаткандыктан, мыйзам чегинде иштегендер чыгым тартып жатканын айтты.
Sputnik
Балыбаев: телеканалдардын көбөйүшү менен жарнаманын баасы түшүп кетти

"Теле жана радио уктуруулар" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, телерадио уюмдар автордук укуктарды сактоого тийиш. Ошондой эле эфирдин 50 пайызы мамлекеттик тилде көрсөтүлүшүнө басым жасалган. Бул тууралуу Миржан Балыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каракчылык жол менен иштеп жаткан телеканалдарга тийиштүү мекемелер тезинен көңүл бурбаса, азыр атамекендик телеканалдардын абалы оор.

"Бара-бара уурдалган кинолорду гана көрсөткөн, эфирин каракчылык жол менен алынган мультфильм, клип, тасмалар менен толтурган телеканалдар калып калышы мүмкүн. Ошондуктан ушу тапта жергиликтүү продукциясы 50 пайыздан кем болбогон телеканалдарды жаратууга аракет жасаш керек. Санарипке өткөндөн кийин телеканалдардын саны 60тан ашып, арасынан туруктуу 50 канал эфирге чыгууда. Сандын өсүшү менен жарнаманын баасы да түшүп кетти. Эч кандай чыгаша тартпай, пираттык жол менен иштеп жаткан телеканалдарга да жарнама түшүп жатат. "Атамекендик телеканалдар жашап кете алабы?" деген суроо одоно угулушу мүмкүн, бирок кырдаал жөнгө салынып, тийиштүү мекемелер көңүл бурбаса, бул маселе күндөн-күнгө курчуй берет", — деди Балыбаев.

Ал телеканалдар эфирин жергиликтүү продукция менен толтуруу маселеси каражатка барып такаларын кошумчалады.