Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлар текшерилүүдө. Сүрөттөр

Ишкерлердин көбү салык, даараткана маселелерин көтөрүп, жаан-чачында кыян жүргөндөн кийинки кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 7-июн. — Sputnik. Жайкы туристтик мезгилге карата Боом капчыгайындагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, тейлөө шарттары текшерилүүдө. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.

Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
Ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиева барып, ишкерлердин көйгөйлөрүнөн кабар алууда.

Негизги максат жайкы эс алуу мезгилинде ички жана сырттан келген меймандарды сапаттуу тейлөө, кемчиликтерди жоюу болуп саналат.

Ишкерлердин көбү салык, даараткана маселелерин көтөрүп, жаан-чачында кыян жүргөндөн кийинки кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.

"Жайкы-кышкы туризм үчүн тамактануучу жайлардын мааниси чоң. Бүгүнкү күндө Боомдогу бардык жеке ишкерлер меймандарды күлүп тосуп алып, күлүп узатуусу зарыл. Албетте, коопсуздук, Wi-Fi маселесин да жөнгө салуу заман талабы", — деди Осмоналиев.

Эске сала кетсек, Боом капчыгайда 10 тамактануу жайы болсо, алардын жетөө иштейт. Жеке ишкерлер жылына 2 миллион 800 миң сом салык төлөйт.