Балыкчыда жүк ташуучу унаа ээлери митингге чыгышты. Талаптары

Жүк ташыган айдоочулардын 10-15 күндөн бери чек арада суу, даараткана, тамак-аштан кыйналып жатканы айтылды.
Sputnik

БАЛЫКЧЫ, 7-июн. — Sputnik. Балыкчыда жүк ташып иштеген 50дөй киши тынчтык митингине чыгышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар казак жана кытай чек араларынан жүк ташып келүүгө тоскоолдуктар жаралып жатканын билдирип, нааразы болушууда.

Жүк ташуучулар коомунун төрагасы Таалайбек Сугатчиев билдиргендей, чек арадан товар келбей жатканына эки айга чукулдап калды. Анын кесепетинен насыя алып оокат кылгандар кыйналууда.

"Түндүк аймактар боюнча чек арада алды 15-20 жыл, аркасы 5-10 жылдан бери эки миңдей адам иштейт. Акыркы күндөрү азык-түлүктөн башка тиричиликке керектүү товарларды алып келе албай жатабыз. Себеби кытай жана казак чек араларындагы текшерүүлөр катаалдады. Мурда тийиштүү кагаздар менен алып өтүп кетсек, азыр товардын ар бирин бирден текшерип жатышат. Мындан улам товарды түшүрүп кайра унаага жүктөгөн жумушчуларды алууга туура келүүдө. Бул кошумча чыгым. Мындан сырткары, текшерүүлөр 10-15 күнгө чейин созулуп кетип жатат", — деди Сугатчиев.

Өкмөт товарларды чек арадан өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү маселесин карады
Ал ошондой эле жүк ташыган айдоочулар 10-15 күндөн бери чек арада суу, даараткана, тамак-аштан кыйналып жатканын билдирип, маселе чечилбесе Ак үйдүн алдына унааларды тизип митингге чыгышарын кошумчалады.

Ал эми эл менен жолуккан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев маселени чечүү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кат жолдонуп, аны менен жолугушууга шарт түзүлөрүн билдирген.