Трамп АКШ менен Россиянын мамилесине доо кетирген иликтөө тууралуу айтты

Атайын прокурордун "Россия шайлоого кийлигишти" делген иликтөөсү апрель айында жарыяланган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү АКШ менен Россиянын мамилесине доо кетирди, бирок аны жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар. Бул туурасында АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинди айтты.

Атайын прокурордун "Россия шайлоого кийлигишти" делген иликтөөсү апрель айында жарыяланган болчу.

"Биз Россия менен жакшы алаканы сактап кала алабыз деп ойлойм. Алар кастык издеп жасалган жасалма материалдын кесепетин тартып жатат деп эсептейм. Мен Россия менен жакшы мамиледе боло алам", — деди Трамп.

Мюллер эки жыл аралыгында шайлоо өнөктүгүнө "Россиянын кийлигишүүлөрү" жөнүндө божомолун иликтеген. Бирок аны Москва четке кагып келет. Мюллердин иликтөөсү апрелде жыйынтыкталып "кийлигишүү" болгонун тастыктаган. Ошол эле учурда ал Дональд Трамп менен Россиянын ортосундагы жең ичинен макулдашуулардын күбөлөрүн тапкан эмес. Анын иликтөөсүн Ак үй да, Кремль да төгүндөөдө.