Ороктун 100гө жакын жашоочусу милициянын алдына чогулду. Сүрөт

Буга чейин райондук ички иштер бөлүмүнө 31 киши жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. – Sputnik. Сокулук РИИБинин алдына 100гө жакын Орок айылынын тургуну чогулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Жаңжалдан кийин айылдын 31 тургуну милицияга жеткирилген. Кийинчерээк алардын 24ү чакырганда суракка келип туруу милдеттенмеси менен коё берилген

Орок айылындагы жаңжал: ооруканага түшкөн балдардын абалы айтылды
РИИБден маалымдашкандай, топтолгон эл калган балдардын жана жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Борокевдин бошотулушун күтүп жатышат. Айыл жашоочуларынын айтымында, милиция депутатты башаламандык уюштурган негизги фигура катары кароодо. Мындан сырткары, өспүрүмдү сабады делген эки шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ошондой эле топтолгондор күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышууда.

Жаңжал 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) каттоого алынган.