Милиция Орок айылындагы абал тууралуу маалымат таратты

Кармалган 32 кишинин 31и коё берилип, бирөө убактылуу кармоо жайында.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Орок айылындагы абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган 31 жаран бошотулуп, бир киши Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Бүгүн сот тарабынан анын баш коргоо чарасы аныкталат. Буга чейин Орок айылындагы окуя боюнча Сокулук РИИБине 31 тургун алып келинген. Кийин дагы бир катышуучу кармалгандыгы айтылган. Жалпысынан 32 жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин билдиришинче, түндө эч кандай окуя катталган эмес. Учурда Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери күзөткө туруп, коомдук тартип жана коопсуздукка көз салып жатат.