Бишкекте өтчү ШКУнун саммитине кайсы президенттер келет. Тизме

Саммит 13-14-июнда Бишкекте өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте өтө турчу Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитине ондон ашык өлкөнүн мамлекет башчылары келет. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, саммиттин алкагында 20 документке кол коюу пландалып жатат.

"Россиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Пакистандын мамлекет башчыларынын келиши пландалган. Андан сырткары, байкоочу мамлекеттер — Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголиянын президенттеринин келиши күтүлүп жатат. Ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери келет", — деди Сыдыков.

КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы ШКУнун алкагында өз ара кызматташууну арттыруучу жана эл аралык актуалдуу темалар талкууланат.