Кытай артисттери Бишкекте "Манас" операсын тартуулашат

Былтыр президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапары менен барганда, ага аталган операны тартуулашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын вариантында даярдалган "Манас" операсы коюлат. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын программасы
Анын айтымында, былтыр президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапары менен барганда, ага аталган операны тартуулашкан. Анда президент кытай артисттерин Бишкекке гастролдоп келүүгө чакырган.

Президент аппаратынын Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Ташпаева берген маалыматка караганда, иш-чара Опера жана балет театрында 11-12-июнь күндөрү 18.00дө башталат. 11-июнь күнү ага ШКУ саммитинин кадырлуу коноктору, коомдук ишмерлер барат. Ал эми 12-июнь күнү шаар тургундары көрө алат. Аны Кытайдын Борбордук опера театры коймокчу.