Сооронбай Жээнбеков айт намазын борбордук мечитке барып окуду. Сүрөттөр

Бүгүн, 5-июнда, Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт намазын Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып окуду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 5-июнда, Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө. Таң эрте майрамдык намазды окуу үчүн Бишкектин эски аянтында миңдеген адамдар келди. Ал эми Ош шаарындагы борбордук "Сулайман Тоо" мечитинде 10 миңдей адам айт намазын окуганы кабарланды.

"Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып, мекендештери менен айт намазга катышты", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Орозо 30 күнгө созулду, тагыраак айтканда 6-майда башталып, 4-июнда жыйынтыкталды.