Сокулуктун Орок айылында жаштар мушташа кетти. Жеринен тартылган сүрөт, видео

Милиция мушташка катышкан айрым кишилерди кармады.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында мушташ болуп, учурда окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин милиция кызматкерлери тартылганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, айылда айт намазынан кийин жигиттер мушташа кетип, 10дой киши кармалган. Окуянын калган катышуучуларын издөө иштери жүрүп жатат. Мушташ чыккан айылда Чүй ОИИБдин жетекчилиги менен ички иштер министринин орун басары да жүрөт. Жыйылган чөп өрттөнгөн.

Учурда чыр эмнеден чыкканы такталып жатат. 

Сокулуктун Орок айылында жаштар мушташа кетти. Жеринен тартылган сүрөт, видео