Орок айылындагы жаңжал: ооруканага түшкөн балдардын абалы айтылды

Өспүрүмдөр тез жардам унаасы менен Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Орок айылындагы жаңжалдан эки өспүрүм жаракат алып ооруканага түштү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Өспүрүмдөр тез жардам унаасы менен Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып келинген.

"Бирөө интенсивдүү терапия палатасында жатат, экинчиси нейроxирургия бөлүмүндө. Бардык керектүү дарылануудан өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Экөөнүн тең абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Орок айылындагы жаңжалга катышкандарды милиция кармаган видео
Белгилей кетсек, жаңжал 5-июнда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, экөө бир баланы сабап койгон.

Андан соң таяк жеген баланын туугандары айылга келген. Жаңжалдын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 30дай киши кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) сотко чейинки териштирүүлөр башталды.