Милиция Ороктогу мушташтын чоо-жайын айтты

Акыркы маалыматтар боюнча, Орок айылынын 25-30дай тургуну Сокулук РИИБине алынып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Назира Имангазиева Сокулук районундагы Орок айылында чыккан мушташтын чоо-жайын айтып берди.

Ага ылайык, Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. Имангазиева таяк жеген бала ооруканага жаткырылып, учурда абалы туруктуу экенин кошумчалады.

"Маалымат алгандан кийин ыкчам топ окуя болгон жерге дароо чыгып, аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Эки өспүрүм убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деди ал.

Орокто чыккан жаңжалда жыйылган чөп өрттөлдү
Имангазиева белгилегендей, жаракат алган баланын туугандары айылга келип, мыйзамга туура келбеген иштерди жасашкан.

"Азыркы маалда алдын ала маалымат боюнча 15 үйдүн терезеси талкаланган. Андан сырткары, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Учурда 25-30 киши Сокулук РИИБине жеткирилди. Милиция тараптан бардык аракеттер көрүлүүдө. Чүй облусунун администрациясы тарабынан калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", — деди ал.

Окуя болгон жерде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы менен Ички иштер министрлигинин жетекчилери жүрөт.