2015-2016-жылдарга салыштырмалуу 2017-2018-жылдары өзбек-кыргыз чек ара чырлары үч эсеге азайды. Бул тууралуу Абдикарим Алимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жыйынтыкка эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин биргеликте өткөргөн аскер коллегиялары, тажрыйбалык окутуулары себеп болгон.
"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын төрагаларынын жетекчилигинин астында, катардагы эле чек арачылар эмес, бүтүндөй жетекчилик курам катышкан аскердик коллегиялар өтүп жатат. Анда учурда кандай чек ара көйгөйлөрүн тез арада чечүү керек, мурунку жылы кайсы маселелер курч турду, быйыл ал жаатта абал кандай болуп калды деген сыяктуу суроолорго жооп издеп, тажрыйба негизинде жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыктары талкууланууда. Мындай бирдиктүү жыйындар өз жемишин берип, соңку эки жылда эки өлкөнүн чек ара чырлары сезилерлик азайды", — деди Алимбаев.
Ал эки өлкөнүн жылуу мамилеси чек ара кызматкерлеринин эле эмес, жергиликтүү тургундардын да ортосунда күч алгандыгын кошумчалады.