Аянтка батпаган эл, алакан жая бата кылгандар. Бишкектеги айт намазы сүрөттө

Sputnik

Майрамдык намаз эртең мененки саат 7.30да башталган. Мусулмандардын алдына бийлик өкүлдөрү менен аалымдар чыгып сүйлөгөн. Андан соң муфтий Максат ажы Токтомушев жарандарды майрамы менен куттуктады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана мэр Азиз Суракматов баштаган аткаминерлер майрамдык намазга жыгылды.

1 / 18
Айт намаз Бишкектеги эски аянтта окулду
2 / 18
Намаз окууга муфтият менен мэрия болушунча шарт түзүүгө аракет кылды
3 / 18
Аянтка келгендерге аалымдар баян айтышты
4 / 18
Майрамдык намазга аксакалдар дагы келди
5 / 18
Милиция кызматкерлери коомдук тартипке көз салышты
6 / 18
Шаар башчысы Азиз Суракматов
7 / 18
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев баштаган аткаминерлер майрамдык намазга жыгылды
8 / 18
Келгендер эски аянтка батпай турду
9 / 18
Жай намазда отурган өрт өчүрүүчүлөр
10 / 18
Айт намаз Орозо аяктагандан кийин окулат
11 / 18
Алакан жайып бата кылгандар
12 / 18
Улууга урмат, кичүүгө ызат
13 / 18
Бири-бирин куттуктаган жарандар
14 / 18
Аалымдар келген элди ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырды
15 / 18
30 күн орозо кармаган момун мусулмандар айт намазында
16 / 18
Айт намазга кары-жашы дебей келишти
17 / 18
Милиция кызматкерлери намазга келгендер менен чогуу алакан жайып бата кылышты
18 / 18
Албетте, алыс жакта жашаган туугандарды дагы айт майрамы менен куттуктоо керек