Мэрия Бишкектеги паркты жаңылайт

Муниципалдык кызматтар мэрге жасала турчу ишин тааныштырды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Манас проспектиси менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги парк оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

4-июнда калаа башчысы Азиз Суракматов "Ак кула" ат майданы менен паркты барып көргөн.

"Мэр Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн кесилишиндеги жана Көкчетау менен Түлөбердиев көчөсүнүн кесилишиндеги парктардын эскизи менен таанышты. Бул жерде ири оңдоо иштери жасалат. Капиталдык башкармалыгы жана "Бишкекбашкыархитектурасы" мэрге Боталиев менен Манас проспектисиндеги парк тууралуу маалымат берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кабарлашкандай, парктын ортосуна фонтан коюлат. Андан сырткары, тротуарлар жасалып, балдар үчүн оюн аянтчалары да пайда болот. Ошондой эле ажаткана да салынат.