Атамбаев "Ата-Бейитке" барып, Апрель баатырларына куран түшүрдү. Сүрөт

Экс-президент айт намазын Арашанда окуган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Арашан айылындагы мечитке барып айт намазын окуду. Бул туурасында экс-президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте он миңдеген адам майрамдык намазга жыгылды. Видео
Атамбаев майрамдык намаз окугандан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барган. Ал жайда 2010-жылы Апрель революциясында курман болгондорго багыштап куран окуганы айтылат.

Бүгүн, 5-июнда, Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө. Таң эрте майрамдык намазды окуу үчүн Бишкектин эски аянтына 10 миңдеген адам келди. Ал эми Ош шаарындагы борбордук "Сулайман Тоо" мечитинде 10 миңге чукул адам айт намазын окуганы кабарланды.