Бишкекте айт намазга тапанча менен бычак алып келгендер кармалды. Сүрөт

Шаардык милициянын берген маалыматы боюнча, майрамдык айт намазга 50 миңден ашык киши келген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте укук коргоочулар айт намазы окулган эски аянтка тапанча, бычак жана кайчы алып кирүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Октябрь РИИБдин төртүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери травматикалык тапанча жана саюучу-кесүүчү буюмдарды алып кирүүгө аракет кылды деп Н.М. менен А.Д. аттуу жарандарды кармады. Алар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келген.

Шаардык милициянын берген маалыматы боюнча, майрамдык айт намазына 50 миңден ашык киши келген. Ал эми алардын коопсуздугун 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздаган.