Роликте беттешке катыша турчу мушкерлердин машыгуусу, алардын мелдештердеги оозго алынган соккулары, ар кандай ыкмалары көрсөтүлөт.
Шевченко эң жеңил салмактагы чемпиондук курун 9-июнга караган түнү Чикаго (АКШ) шаарындагы UFC 231 турниринин алкагында коргойт. Кеченин башкы беттешинде америкалык Генри Сехудо менен бразилиялык Марлон Мораес жаңы салмак категориясындагы али эч ким тагына элек кур үчүн күч сынашат.
Ошондой эле Шевченконун проморолигинде аны мекени Кыргызстанда тосуп алгандагы кадрлар көрсөтүлгөн. Жаш балдарга көрсөткөн мастер-классы, күйөрмандар менен жолугушуусу жана эң негизгиси катары өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, Даңк орденин тапшырганы тууралуу айтып берген.
"Кыргызстан — менин мекеним, ал жакта бардыгы уруш өнөрүн жактырат. Бардыгы мен алтын курду утканда сүйүнүштү. Президент мени Даңк ордени менен сыйлады. Бул мен үчүн сыймык", — деген мушкер.
Ал эми чемпиондук курун былтыр 9-декабрда польшалык Джоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Эми ал америкалык Жессика Ай менен беттешип, наамын коргойт.