Россияда көк бөрү болот. Айтматовдун кубогу үчүн өлкө атынан бир команда барат

Турнирдин максаты - кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 12-июнда Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан бир команда барат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Фотофакт: Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалындагы Айтматовдун элеси
Маалыматка ылайык, турнир 2020-жылы жарыялана турчу Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылына даярдык катары өткөрүлмөкчү. Ошондой эле мелдеш Евразия жана Россиянын "Русский мир" аталышындагы III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болмокчу.

Турнирдин максаты - кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу экендиги белгиленген.

Спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, аталган мелдеште өлкө намысын орус улутунан куралган "Атуул" командасы коргомокчу.

Бул туурасында команда дагы Instagram баракчасына видео жүктөгөн. 

Уюштуруучулар спортту өнүктүрүүгө салым кошкон аймак аралык коомдук фонд, Россия элдеринин ассамблеясы, КРдин Көк бөрү федерациясы болуп саналат.

Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматовдун кубогу менен сыйланса, катышуучулар сувенирлерге ээ болору айтылды.