1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео

Ош шаарында Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Жеринде атайын техника иштеп жатканын Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
Sputnik

Маалыматка караганда, үйдү "Евростиль" аттуу компания курууда. Учурда турак үйдүн төртүнчү кабаты курулуп жатат. Шаардык сот ишкананы аймакты баштапкы калыбына келтирүү менен 200 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Буга компаниянын курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берген документтери толук эмес экени себеп болгон. 

1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео

Ош шаардык мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Пирматовдун айтымында, Мамэкотехинспекция курулушту токтотуу боюнча бир нече ирет эскертүү берген. Бирок компания ээлери ишин уланта берген. 

1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео

"Жергиликтүү тургундар курулушка нааразы болуп мэрияга, президентке чейин кайрылышкан. Ош шаардык сотунун чечиминен кийин ишкана ээлери облустук сотко кайрылышкан. Бирок облустук сот дагы шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Соттон мэрияга кат келип, бүгүнкү күндө мажбурлоо жолу менен имарат түрттүрүлүп жатат", — деди Пирматов.

Ал ошондой эле дагы 28 объект боюнча соттук териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Elite House Мамэкотехинспекциянын тогуз кабат үйдү түрттүрүү чечимине жооп берди
Ал эми компаниянын өкүлү, өзүн ишкана жетекчисинин досу катары тааныштырган Бакыт Сулайманов убагында мэрия курулушка уруксат бергенин айтууда.

"Бардык документтер шаар куруу кеңешинен өткөн. Мэриянын уруксаты бар. Документтер болгону үчүн курулушту баштадык да. Жер тилкесин эсептебегенде курулушка 1 миллион доллар кетти. Эми минтип түрттүрүп салган убал да", — деди ал.

Сулайманов журналисттердин "бир эле документ жетишпей калган дедиңиз, ал эмне болгон кагаз эле" деген суроосуна так жооп берген жок.