Ош аэропортунун чатырынан суу агып жатат. Видео

Окуя кечээ болуп, аэропорттун жетекчилиги түшүндүрмө берди.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош эл аралык аэропортунун имаратынын чатырынан суу акты.

Окуянын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды. Ага ылайык, окуя 3-июнда болгон.

Видеодон чатырдан шаркырап агып жаткан сууну көрүүгө болот.

Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы кечээ, 3-июнда, түштүк аймакта катуу жаан жаагандыктан чатырдагы атайын суу ага турчу куурлар жырылып кеткенин билдирди. Учурда абал жөнгө салынган.