Радио

Эргешов: Орозо айтта тууган-урук менен болгон мамилени бекемдеш керек

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов Орозо айтты майрам катары белгилеш керектигин айтты.
Sputnik
Эргешов: Орозо айтта тууган-урук менен болгон мамилени бекемдеш керек

Орозо айтта тууган-урук менен болгон мамилени бекемдеп, жаш балдарга шарларды карматып, майрамдык маанай жаратуу абзел. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Орозо айтта Жаратканга шүгүр келтирип, жакындарды майрамы менен куттукташ керек.

"Орозо айтта момун мусулмандар таң эрте туруп, жуунуп-тазаланып, жыпар жыттарды себинип, таза кийимдерин кийип алып жамаатка барышы шарт. Жолдон жолуккан адамдарга жылмайып салам берүү абзел. Негизи бул күндү кайрымдуулук иштер менен баштаган жакшы. Айт намазы окулуп, Жаратканга шүгүрчүлүк келтирилгенден кийин туугандарга барып, айты менен куттуктап, алардан кабар алган дурус. Ушул майрамда пенделер күнөө иштерди жасоодон алыс болушу шарт. Орозо айт майрам болгондуктан, бул күнү майрамдык шаң жаратуу зарыл. Майрам десе эле ичкилик ичип, акыл-эсти жоготуп коюш керек экен деп түшүнбөш керек. Кичинекей балдардын колуна шар карматып койсо болот. Ал да болсо жагымдуу маанай тартуулайт", — деди Эргешов.

Ал бир гана Орозо айт күнү эшикти какпай киргенге болорун кошумчалады.

Эске салсак, бул жылы орозо 4-июнда аяктап, айт 5-июнда боло тургандыгы кабарланган.