"Наалат!" Камакка алынган Манас Арабаев сотко алынып келген видео

Ал коррупция беренеси боюнча айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.

Аны көргөн залдагы адамдар ага карата "наалат" деп кыйкырышты.

Арабаев 2-июнда кармалып, коррупция беренеси боюнча айыпталууда.

Абылгазиев "Матраимовдордун изи" тууралуу фактыларды текшерүүнү тапшырды
УКМК тараткан маалымат боюнча, Арабаев чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, "Коррупция" беренеси менен Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Эске салсак, Манас Арабаев ээлеген кызматынан 2018-жылы 15-майда бошотулган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев учурунда президенттин аппаратындагы Манас Арабаев соттор үчүн кудайдай эле болуп калганын айтып, сынга алган болчу.