Арыдан бери болгула. Интернетке бала-чаканын сүрөтүн жарыялоонун кесепети

Акыркы учурда Роскомнадзор педофилдер социалдык тармактан көчүрүп алган сүрөттөрдү кайрадан жарыялаган бир нече сайтты каттаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россияда ата-энелерге балдарынын сүрөттөрүн интернетке жарыялоодон баш тартууга жана алар боюнча маалыматтарды жазуудан алыс болууга чакырык ташталды. Муну Россиянын Байланыш, маалымат технологиясы жана массалык коммуникация боюнча федералдык кызматы (Роскомнадзор) билдиргенин "Известия" жазды.

Ведомстводон интернеттен эч нерсе жок болуп кетпээрин, киши чоңойгондон соң сүрөттөрүн таап ала тургандыгын белгилеген. Роскомнадзор ата-энелерге баланын кийинки реакциясы тууралуу эскертүү кылды. Андан сырткары, бул сүрөттөрдү кийин эс тартып калганда, ызалантыш үчүн колдоно турган классташтары, тааныштары да чыгарын четке каккан жок.

"Бактысын, ошол кездеги кубанычын бүт дүйнө менен бөлүшүүгө ашыккан ата-энелер, тилекке каршы, бул тобокелдикти анча туюп, сезе билбейт. Эң жаманы — сүрөттөрдү кылмышкерлер колдоно баштайт. Маселен, педофилдер балдардын сүрөтүн социалдык тармактан көчүрүп алып кайра жарыялаган бир канча сайттарды таап жатабыз", — деп айтылган Роскомнадзордун билдирүүсүндө.

Аталган ведомстводон балдардын да чоңдор сыяктуу эле конфиденциалдуулукка укугу бар экенин айтышкан.