ИИМ Кытайдан сооттолгон автоунааларды белекке алды. Сүрөт

Кытай Кыргызстанга 30 миллион юандык техника тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кытайдын коомдук коопсуздук министрлиги Кыргызстандын Ички иштер министрлигине сооттолгон атайын автоунааларды белекке берди.

КР ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 30 миллион юандык (305 миллион сомдон ашык) техниканы белекке берүү боюнча протоколго кол коюлган.

Кытайдан келген автотехниканын ичинде автобустар, кичи автобустар, жол тандабастар жана полициянын сооттолгон машиналары бар.