Бишкекте төрт киши жабыркаган жарылуу. Жеринен тартылган сүрөттөр

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери менен "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкектин борборунда жарылуу болгон жерден бир нече сүрөт тартты.

Анын айтымында, окуя 3-июнда, саат 8:45тер чамасында болуп, Панфилов көчөсүнүн Лев Толстой менен темир жолдун ортосундагы бөлүгүндө жайгашкан казан меш жарылган.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери менен "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү иштеп жатат.