Бишкекке ысык суу берилди

Ысык суу 6-майда өчүрүлгөн болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкекке ысык суу мөөнөтүнөн үч күн мурун берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, "Бишкекжылуулукэнерго" ысык сууну бүгүнтөн баштап бере баштады. Кечке чейин бардык абоненттерге жеткирилет.

Ал эми "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы эртең, 4-июндан тарта жарандарды ысык суу менен камсыздай баштайт. Үч күндүн ичинде бардык тургундар камсыздалат.

Ысык суу 6-майда өчүрүлгөн.