Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалдыбы? Учурда эмне болууда

Маалыматка ылайык, Салянова саат 15:00дө ИИМдин имаратына кирип кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү булактар билдирди.

Ага ылайык, Салянова Батукаевдин иши боюнча айрым кармалган шектүүлөр менен беттештирүү үчүн чакырылган. Салянова ИИМдин имаратына саат 15:00дө кирип кеткен боюнча чыга элек. 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалдыбы? Учурда эмне болууда

Учурда Салянованын жактоочулары Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулуп жатканын "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн бири айтты.

Ал ортодо коомдук активист Искен Афиджанов Аида Салянованын кармалганын билдирип, "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаеванын окуя боюнча берген видеотүшүндүрмөсүн жарыялады.

Батукаевдин иши

2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган

Батукаевдин иши: кармалган экс-прокурор тил каттын негизинде коё берилди
Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Бул иштин алкагында ошол кезде Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгону белгилүү болду.