Радио

Кыдырмашев: Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын саны өсөт

Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Кабыл Кыдырмашев шаардыктар үчүн ыңгайлуу унаа токтотмолор болуш керектигин айтты.
Sputnik
Кыдырмашев: Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын саны өсөт

Бишкек шаарында акы алынчу унаа токтотуучу жайларды түзүү долбоору иштей баштаса жолдогу башаламандык азаят. Бул тууралуу Кабыл Кыдырмашев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мэрия акы алынчу унаа токтотмолорун уюштуруу боюнча долбоорду Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна чыгарды.

"Жакынкы жылдарда Бишкекте акы алынчу унаа токтотуучу жайлардын саны өсөт. Мындай кадам менен шаар ичиндеги жолго байланыштуу башаламандыктар азаят. Биздин кызматкерлер Бишкек шаарын кыдырып, кайсы жерлерге унаа токтотмолору керектигин аныктап чыгышты. Эми аны Бишкек башкы архитектура ишканасы менен кеңешип, долбоор кароодон өтсө бирге иш алып барабыз", — деди Кыдырмашев.

Ал жаңы пайда болчу жайларда токтотулган машиналар тыгын жаратпоого тийиш экенин кошумчалады.