Король жана премьер. Жээнбековдун Мекке менен Делиге болгон сапары сүрөттө

Өлкө башчы индиялык премьердин инаугурация аземине жана Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Индия менен Сауд Аравиясына болгон иш сапары соңуна чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 30 май күнү Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Нью-Делиге барды. Ал жакта Индиянын өкмөт башчысы Модинин инаугурация аземине катышып, эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Ушул жылдын июнь айында Моди Кыргызстанга расмий сапары менен келмекчи.

Ал эми 31-май күнү президент Сауд Аравиясына барып, Мекке шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты.

1-июнь күнү Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди.